Килем жабдууларынын негизги артыкчылыктары

Бүгүнкү күндө жерге төшөлчү каражаттардын түрү арбын. Алардын эң эле заманбабы– килем плиткалары. Килем жабдууларынын бул түрү өзүнүн экологиялык жактан тазалыгы, функциялык жактан монтаждын жөнөкөйлүгү менен кардарлардын кызыгуусун күн сайын арттырууда.

Килем плиткаларынын өзгөчөлүктөрү

Замандын талабына ылайык бүгүнкү күнү килем дүйнөсүндө жерге төшөлчү материалдардын түрлөрү болуп көрбөгөндөй кеңири жайылган. Алардын ичинен көбүнчө 50см х 50см өлчөмүндөгү килем плиткалар кеңири тараган.

Анын түзүлүшү килемден жана килем жабдуусунан (ковролин) бекемдөөчү каражаттарды кат-кат колдонуу менен абдан эле айырмаланат.

Катуу катмары материалдын деформация болуп кетүүсүнүн алдын алат, ошондуктан катмарланган кийинки плиткалар бири-бирине бекем жабыштырылган. Эгерде бир түстүү сүрөттүү болсо, плиткалардын кошулган жерлери билинер-билинбес бойдон калат. Мындай материалды даярдоодо битум, поливинилхлорид, стеклохолст жана резина колдлонулат. Булар аны ар кандай температурада эксплуатациялаганда геометриялык ченемдерин бир калыпта кармаганга көмөк көрсөтөт.

Бөлмөдөгү полду мындай килем плиткалары менен жабдууда аларды бири-бирине жакын коюп, катуу басып коюу жетиштүү болот

Эң жогорку каты «антрон» деген ат менен кеңири таанымал нейлондон турат. Килем плиткасынын эң жогорку катмарындагы колдонулган жипчелери буланын сапатынан жана жиптин курамынан көз каранды болот. Бул плитканы узак убакыт пайдаланууңузга шарт түзүп берет.

Ар бир өндүрүлгөн килем плиткасын төшөөдө, аны кайрадан сантиметрдеп ченеп чыгуунун эч кажети жок. Бөлмөнүн ичин килем плиткалары менен жабдууда ар бир чарчыны бири-бирине бекем жанаша коюу абзел. Мындай учурда желим колдонуу талабы жокко чыгарылат.

Килем плиткаларынын артыкчылыктары

Үйүңүзгө килем плиткаларын алууну каалап, бирок аны туура тандоодо ойлонуп жатсаңыз анда килем плиткаларынын бардык түрлөрүнө көңүл бөлүүнү жана жакшылап талдап көрүп, анан сатып алууну сунуштайбыз. Себеби килем плиткалары сиздин үйүңүздө төмөндөгүдөй кызматты аткарат:

1

Килем плиткалары көбүнесе көтөрүлгөн полдун үстүнө төшөлөт. Бул электр кабелдеринин жана зымдардын башаламандыгынан сактап турат. Себеби аларды көтөрүлгөн полдун астына жайгаштырып коюуга болот. Ал эми модулдук килем плиткалары аларды каалаган учурда колдонууга мүмкүндүк берет. Ал үчүн бир эле плитканы чыгаруу жетиштүү.

2

Эгер килем плиткасын тандоого токтолсоңуз, килемдин жешилип калуусунан кооптонбонуз. Анткени көп басылган жерлердеги плиткаларды анча көп басылбаган жерлердеги плиткаларга кезек кезеги менен алмаштырып турсаңыз болот. Мындан сырткары такыр эле колдонууга жараксыз болуп калган плиткаларды жаңыга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, колдоонуу убактын узартсаңыз болот.

3

Башында килем плиткалары дубалдан дубалга чейин жеткен рулон жабдууларына караганда кымбат сезилиши мүмкүн. Бирок рулон жабдууларынан кесилип алынган бөлүкчөлөрдү эске алганда, баасы дээрлик бирдей болуп калат. Алсак, сиз тандаган сүрөттөргө ылайыктап модулдук плиткаларды кесүүдө чыгымдар 0,5-2% ды түзсө, рулондук жабдуулардын чыгымы 10-30% ды түзөт.

4

Килем плиткалары башка бөлмөгө көчүрүүгө, оңдоп-түзөөгө жана сактоого ылайыктуу. Тактап айтканда, бир кутуда 20 даана плитка болот. Мындай кутулардын бирөөнүн салмагы 25 кг. Демек үйүңүздү башка жакка көчүрүп калсаңыз, аны алып кетүү оңой болот.

5

Килем плиткаларынын негизин түзгөн кездеме оор болот. Мындан улам алар полдо тайгаланбайт жана чети бүктөлбөйт. Эгерде килем плиткаларынын кыймылсыз, бекем турушун кааласаңыз, ага эки тараптуу скотч же атайын желим колдонууга жол берилет.

6

Маалым болгондой, килем плиткалары бир канча катмардан турат. Анын негизинде аталган жабдуулар жогорку жылуулоо кызматын жана сырттагы үнгө туруктуулукту көрсөтө алат. Мындан сырткары аларга нымга чыдамдуулук да мүнөздүү. Буга байланыштуу килем плиткаларын жогорку нымдуулуктагы бөлмөлөрдө, дөңгөлөктүү эмеректер коюлган, жылуу пол орнотулган мекемелерде колдонууга болот.

7

Килем плиткалары кеңири ассортиментке ээ. Мисалы, ар кандай текстуралык оймо-чиймелерге жана түстөргө бай. Дал ушундай жагдайда дизайнерлерге бөлмөнүн жасалгоосунун стилине карата ыңгайлуу чечим алууга көмөк көрсөтөт. Кааласаңыз табитиңизге жараша плиткалардан ар кандай форма чыгарсаңыз болот.

8

Ден соолугуна кылдаттык менен кам көргөн кардарларыбыз үчүн плиткалардагы колдонулган антрон – табигый таза материал катары бааланып, ден-соолукка коопсуз деп эсептелет. Плиткадагы жипчелерде зыяндуу микроорганизмдердин көбөйүүсү болбойт. Жүндөн токулган кездемелерден айырмачылыгы өрткө туруктуу келет.

9

Кардарлардын көбү модулдук килем плиткаларынын оңой менен булганбастыгын тастыктай алышат. Себеби мындай плиткалардын негизин түзгөн кездеменин буласы ага кооздук берүү менен катар анын жиптерин кирден коргоп турат. Ал эми кездеменин атайын кирден коргоочу каражаттар (тефлон) менен жасалуусу анын керектөө мөөнөтүн узартат. Килем плиткаларынын туруктуу жана сапаттуу негиздери чоюлбайт, ийрейип кетпейт жана жешилбейт. Бирок модулдук килем плиткаларынын көпчүлүгү жогорку нымдуулукта өзүнүн технологиялык сапатын жоготуусу мүмкүн.

Килем жабдуулары

Килем жабдуулары (ковролин) – чоң аянтка төшөлчү, түрдүү көлөмдөрдү кесип алууга мүмкүн болгон, майда сүрөттөрү бар килем.

Биздин дүкөндөн сиз каалаган көлөмдөгү килем жабдууларын эң ынгайлуу баада ала аласыздар.