Килемдерге төмөндөгү эрежелердин негизинде кам көрсөңүз, килемиңиз өзүнүн жакшы көрүнүшүн сактоо менен узак мезгилге чейин кызмат көрсөтөт.

Килемдин сырткы көрүнүшүн жакшы сактоо үчүн төмөндөгүлөр сунушталат:

чаң соргуч менен тазалап туруу;
бетиндеги кирлерди жана тактарды кетирүү;
мезгил-мезгили менен толук тазалап туруу.

Чаң соргуч менен тазалоо – килемдерге кам көрүүнүн негизги ыкмаларынын бири. Өзгөчө килемди жаңы алганыңызда аны тазалоого көңүл буруу керек. Анткени килем жаңы кезинде андан кездеменин булалары чыгып турат. Бул нерсе бардык килемдерде болушу мүмкүн. Бул нерсеге эч качан кабатырланбай эле коюңуз.

Килемдин бетинде пайда болгон тактарды жана кирлерди кетирүү үчүн аны тез арада тазалоо абзел;
Кандай гана кир болбосун анын килемге сиңип кетүүсүнөн сактоо керек;
Эгерде кир катуу болсо аны кашык менен алыңыз;
Эгерде килемди булгаган зат суюктук болсо аны суу сүлгү менен сүртүңүз;
Ар дайым килемдин четинен ортосуна карай сүртүү керек;
Кирлер килемди көгөртүп жибербеши үчүн тазалоодо атайын крахмал жана шампундарды колдонуу сунушталат;
Килем тазалоодо аны суу болуудан сактоо үчүн атайын көбүктүү, кристалдашкан каражаттарды, так кетирүүчүлөрдү колдонуңуз;
Килем тазалоодо айна колдонбогонуңуз дурус. Анткени анын калдыктары килемге чаң жабыштырышы мүмкүн;
Тактарды суулап жууган соң, толук кургаганга чейин килемдин жиптерин бир багытка буруп коюңуз;
Эгерде тактарды өз алдынча кетире албасаңыз, килем тазалоо кызматына кайрылыңыз.

Килемден тактарды кетирүүнүн жолдору

Мөмө-жемиштин ширеси, шарап, кофе, чай, шоколад, кола жана башка ушул сыяктуу суюктуктар килемиңизге төгүлүп калса атайын килемдерди тазалоочу суюк каражатты колдонсоңуз болот.

Ал эми май, көө, өтүк майы тамып же кирдеп калса тазаланган керосин же лакталган бензин менен тазалаңыз.

Сагыз жабышып калса муз менен оңой эле чыгарып аласыз.

Канды болсо муздак суу менен эле жууп койсоңуз болот.

Лак, боёк, даттарды атайын суюк каражат менен тазалап, жууп коюңуз.

Күйгөн жерлерди кайрак кагазынын жардамы менен калыбына келтире аласыз.

Момду болсо ысык суу менен жибитип, алып салууга болот. Ошондой эле килемдеги ар кандай тактарды жана кирлерди кетирүүдө 2 аш кашык табигый уксусту же нашатыр спиртин 1 литр сууга аралаштырып колдонууга да болот.

Килемди толук тазалоодо төмөнкү нерселерге көнүл буруңуз (адистердин коштоосунда тазалоо сунушталат, бирок өз алдынча да тазалоого болот):

Килемди ашыкча кирдетпегенге аракет кылыңыз;
Килемди суудан коргогон көбүктүү шампундарды колдонуңуз;
Килемдин бүктөлүп же сынып калуусунан сак болуңуз.

Эгерде мурда колдонуп көрбөгөн жаңы каражат менен тазалоону кааласаңыз, аны килемдин кичине бөлүкчөсүнө сүртүп көрүп, анын жибине, өңү-түсүнө зыян келтирбей тургандыгын байкап алганыңыз оң.