Килем – көркөмдүктүн символу.

Батышта да, Чыгышта да назиктик менен жылуулукту чагылдырган оймо-чиймелер менен кооздолгон килемдерге суктанып келишкен.

Классикалык килемдер

Классикалык килемдер көөнөргүс баалуулуктардын катарына кирет. Алардын дизайны чыгыш мотивдерин, абстракттуу геометриялык саймаларды жана түрдүү оймо-чиймелерди чагылдырып турат. Классикалык килемдер тынымсыз өзгөрүүлөрдүн, жаңылануулардын шартында да модадан калбай келет.

Бүгүнкү күндө классикалык килемдер бир гана жибектен эмес, өзүнүн керемет кооздугу жана ыңгайлуулугу менен бааланган вискозадан, синтетика буласынан жана бир нече кездеменин айкалышуусунан да жасалып жатат.

Килемдин бул түрү сиздин үйүңүзгө көрк кошуп, полду жылуу кармайт.

Заманбап килемдер

Заманбап килемдер үйүңүзгө жылуулук жана жайлуулук тартуулайт. Ал эми анын өзгөчө моделдери интерьерди көркүнө чыгарат.

Убакыттын өтүшү менен оймо-чиймелер, саймалуу сүрөттөр түшүрүлгөн салттуу килемдердин ордуна абстракттуу жана жөнөкөй, ошол эле учурда көңүлгө төп келген килемдер өндүрүлө баштады. Негизинен дизайнерлер менен чогуу жасалган килемдер оюуларынын жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турат. Ага байланыштуу заманбап килемдер өзүнчө элемент катары эмес, интерьердин бир бөлүгү катары каралат.

Узун жиптүү килемдер

Бүгүнкү күндө өзгөчө суроо-талапка ээ болгон килем жабдууларынын эң белгилүүсү “Shaggy” узун жиптүү килем жабдуулары. Мындай килемдердин жибинин узундугу 3 смден 10 смге чейин жетет. Бардык түстөрдү айкалыштыруудагы, жиптердин түрдүү узундугун тандоодогу мүмкүнчүлүктөрдүн көп болуусу үйдүн жасалгасында кайталангыс кооздукту бере алат. Шагги жиптүү килемдери кандай гана интерьер болбосун аны көркүнө чыгарып, үйдөгү жылуу, ыңгайлуу жана жагымдуу атмосфераны түзөт. Бөлмөнү көркүнө чыгарып, ичин кенен кылып көрсөтөт. Мындай килемдерди балдардын бөлмөсүнө салып койсо сонун болуп калат. Себеби балдардын ойноп ошону менен бирге эс алуусуна жакшы шарт түзүлөт.

Балдарга арналган килемдер

Балдардын бөлмөсүндөгү килемдер – алардын эң алгачкы таасирленүүчү факторлорунун бири. Балдар килемдин үстүндө китеп окуп, оюн ойноо менен көп убактысын өткөрүшөт. Андыктан, сапаттуу килемдерди тандоо менен балдарыңызга коопсуздук, жагымдуу чөйрө түзүп бере аласыз. Бөбөктөрдүн бөлмөсүн кооздоо үчүн биз сиздерге ачык жана жаркыраган түстөрдү камтыган балдарга арналган килемдерди сунуштоого даярбыз.

Жибек килемдер

Жибек килемдер жука, жеңил жана элеганттуу болуп, бети жалтырап турат. Жибектен ийрилген жиптер ичке болгону менен бышык келет. Мындай жиптерден бир чарчы метр килемге 2 миллионго чейин колдонууга болот. Мындан сырткары жибек килемдер гигиеналык жактан да артыкчылыкка ээ. Алсак, алар өрткө чыдамдуу, тез тутанбаган, аллергия пайда кылуучу зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбай турган килемдерге кирет.

Вискоза килемдери

Вискоза өзүнүн жасалма жибек деген аталышына эбак эле татыктуу болгон. Ал гана эмес тандалма килемдерди өндүрүүдө да кеңири колдонулуп келет.

Вискоза килемдери Персиянын жибектен жасалган килемдеринин орун басары. Бул типтеги килемдер жасалма булалардын “табийгый түрүнө” кирет жана өзгөчө жумшак келип, жалтырап турат. Ошондой эле вискозанын баасы жибектен жасалган килемдердин баасына салыштырмалуу арзан. Сыйымдуулугу боюнча бир чарчы метрге 1 миллион жип туура келет. Өзүнүн жеңилдиги жана колдонууга ыңгайлуулугу менен вискоза килемдери колго жасалган кымбат баалуу килемдерди алдына салдырбайт. Байыркы шедеврлердин мотивдери менен жасалган үйдү кооздоонун мыкты элементин колдонуп, сиз да үйүңүздү көркүнө чыгарыңыз.

Акрил килемдери

Акрил буласы – химиялык жол менен алынган жогорку сапаттагы синтетикалык кездеме. Акрилди кармап көргөндө жүндөн токулган кездемелерге окшоп кетет. Курамында да жүндүн айрым өзгөчөлүктөрүн камтып турат. Акрилден жасалган килемдер кир көтөрүмдүү, сууга жана нымга туруктуу, салмагы да башка килемдерге салыштырмалуу жеңил, баасы болсо капчыгыңызга ыңгайлуу.

Акрил килемдери – синтетикадан же жүндөн жасалган арзан килемдерге караганда чаңды аз чогултат. Андыктан, аллергия менен жабыркагандар үчүн бул килемдер эң жакшы тандоо болуп берет.

Полипропилен килемдери

Килем өндүрүүдө полипропилен кездемеси жип катары да, килемдин артына негиз катары да колдонулат. Бул килемдерди узак убакыт колдонгонго болот. Себеби ал жешилбейт, кирдебейт, нымга жана өрткө туруктуу болот. Полипропиленден жасалган килемдер дээрлик эч нерсени өзүнө сиңирбейт. Мындан улам ага төгүлгөн суюктуктардын кандай гана түрү болбосун оңой тазаланат. Ошондой эле бул килемдер микробдорду чогултпайт, аллергия козгобойт жана ток өткөрбөйт.

Колго жасалган килемдер

Колго жасалган килемдердин башаты байыркы персиялык чеберлерге таандык. Башка бардык өлкөлөрдүн уздары колдонуп келаткан килем согуунун техникасын да дал ушул персиялыктар ойлоп табышкан. Килем өрүүдө колдо жасалган согуучу станок колдонулат. Станоктун жардамы менен жиптин ар бир түйүнү килемдин негизине өз-өзүнчө байланат. Мындай килемдер кооз чыгышы үчүн чоң мээнетти, сабырдуулукту жана өзгөчө чеберчиликти талап кылат.