Килемдерге төмөндөгү эрежелердин негизинде кам көрсөңүз, килемиңиз өзүнүн жакшы көрүнүшүн сактоо менен узак мезгилге чейин кызмат көрсөтөт.
Килемдин сырткы көрүнүшүн жакшы сактоо үчүн төмөндөгүлөр сунушталат:
Чаң соргуч менен тазалоо – килемдерге кам көрүүнүн негизги ыкмаларынын бири. Өзгөчө килемди жаңы алганыңызда аны тазалоого көңүл буруу керек. Анткени килем жаңы кезинде андан кездеменин булалары чыгып турат. Бул нерсе бардык килемдерде болушу мүмкүн. Бул нерсеге эч качан кабатырланбай эле коюңуз.
Килемден тактарды кетирүүнүн жолдору
Мөмө-жемиштин ширеси, шарап, кофе, чай, шоколад, кола жана башка ушул сыяктуу суюктуктар килемиңизге төгүлүп калса атайын килемдерди тазалоочу суюк каражатты колдонсоңуз болот.
Ал эми май, көө, өтүк майы тамып же кирдеп калса тазаланган керосин же лакталган бензин менен тазалаңыз.
Сагыз жабышып калса муз менен оңой эле чыгарып аласыз.
Канды болсо муздак суу менен эле жууп койсоңуз болот.
Лак, боёк, даттарды атайын суюк каражат менен тазалап, жууп коюңуз.
Күйгөн жерлерди кайрак кагазынын жардамы менен калыбына келтире аласыз.
Момду болсо ысык суу менен жибитип, алып салууга болот. Ошондой эле килемдеги ар кандай тактарды жана кирлерди кетирүүдө 2 аш кашык табигый уксусту же нашатыр спиртин 1 литр сууга аралаштырып колдонууга да болот.
Килемди толук тазалоодо төмөнкү нерселерге көнүл буруңуз (адистердин коштоосунда тазалоо сунушталат, бирок өз алдынча да тазалоого болот):
Эгерде мурда колдонуп көрбөгөн жаңы каражат менен тазалоону кааласаңыз, аны килемдин кичине бөлүкчөсүнө сүртүп көрүп, анын жибине, өңү-түсүнө зыян келтирбей тургандыгын байкап алганыңыз оң.