Килем жана килем жабдуулары бардык мекемелерге көрк берүү менен катар ал жердеги жылуулук менен жайлуулукту камсыздайт. Килемдерге мезгил-мезгили менен кам көрүү аны чаңдан, кирден тазалайт жана анын кызматын белгилүү мөөнөткө узартат. Ошондуктан Бишкек шаарынын ичиндеги килемди өз ордунда тазалоо кызматына күн сайын суроо-талап артып баратат.

«1001 KILEM» салону килем жана килем жабдууларын сатуу менен катар төмөндөгүдөй жайларды адискөйлүк менен тазалоо кызматын көрсөтөт:

Килем жана килем жабдууларын (залдардагы, кабыл алуучу кеңселердеги, кафе-ресторандардагы);
Жумшак эмеректерди (диван, олпок отургуч, ашкана отургучтары, отургучтар);
Катуу жабдууларды (линолеум, кафель же плитка менен жабдылган полдор, мрамор жана гранит);
Автоунаалардын салону.

Тазалоонун бардык түрү Италиядан алып келинген жабдыктардын жардамы менен атайын тазалооочу каражаттар колдонулуп, акыркы ыкмалар менен аткарылат жана кыска мөөнөттө эски жана катуу, калың тактар кетирилет.

«1001 KILEM» килем салону тарабынан көрсөтүлгөн кызматтар сиздин килемиңизди чаңдан жана кирден арылтат.

Катуу жайларды жана килем жабдууларын тазалоонун баасы 1 м2 аянтка 40 сомдон башталат. Килемдерди тазалоо 1 м2 аянтка 100 сомдон жогору болот. Ал эми биздин дүкөндөн алынган килемдерди тазалоонун баасы анын кирдегенине жараша 70 сомдон өйдө бааланат.